Электрондук виза (Е-виза) Вьетнам элчилиги тарабынан берилген кагаз визага альтернатива болуп саналат. Вьетнам Иммиграция Департаменти электрондук виза программаны ишке киргизди. Бул программа Вьетнамдын чет өлкөлөрдөгү элчилигине кайрылбастан онлайн виза алууга мумкундук берет.
Вьетнамдын Е-виза бул Вьетнам Иммиграция Департаменти тарабынан айрым өлкөнүн жарандарына бир жолу 30 кунгө чейин кирүүгө жана саякат үчүн берилген уруксат.
Жарамдуу мамлекеттер
Төмөнкү мамлекеттердин жарандары Вьетнамдын электрондук виза (Е-виза) алууга укуктуу:
* Бир эрежени эске алуу зарыл, “E” менен башталган Кытай электрондук паспорттын ээлери Вьетнамдын Е-визасын алууга укугу жок.
Өткөрмө пунктары
Вьетнамдын Е-виза ээлери төмөнкү 28 эл аралык өткөрмө пунктары аркылуу Вьетнамга кирүүгө-чыгууга укуктуу:
Эл аралык аэропорттор
- Нойбай эл аралык аэропорту Ханой шаары
- Таншоннят эл аралык аэропорту Хошимин шаары
- Камран эл аралык аэропорту Нячанг шаары
- Дананг эл аралык аэропорту Дананг шаары
- Катби эл аралык аэропорту Хайфон шаары
- Кантхо эл аралык аэропорту Кантхо шаары
- Фукуок эл аралык аэропорту Фукуок аралы
- Фу Бай эл аралык аэропорту Хуэ шаары
Өткөрмө бекети
- Монгкай чек аралык өтмөк Куангнин провинцияда (Кытай менен чек ара)
- Достук же Хыу Нги чек аралык өтмөк Лангшон провинцияда (Кытай менен чек ара)
- Лаокай чек аралык өтмөк Лаокай провинцияда (Кытай менен чек ара)
- Нам Кан чек аралык өтмөк Нгеан провинцияда (Лаос менен чек ара)
- Каучео чек аралык өтмөк Хатин провинцияда (Лаос менен чек ара)
- Ча Ло чек аралык өтмөк Куанбинг провинцияда (Лаос менен чек ара)
- Лао Бао чек аралык өтмөк Куанбинг провинцияда (Лаос менен чек ара)
- Боя Кон Там провинцияда (Камбоджа жана Лаос менен чек ара)
- Мокбай чек аралык өтмөк Тэйнин (Камбоджа менен чек ара)
- Ксамат Тэйнин провинцияда (Камбоджа менен чек ара)
- Тинбин чек аралык өтмөк Анзянг (Камбоджа менен чек ара)
- Сонг Тьен чек аралык өтмөк Тьензянг провинцияда (Камбоджа менен чек ара)
- Хатьен чек аралык өтмөк Кьензянг провинцияда (Камбоджа менен чек ара)
Деңиз порттор
- Халонг порту Куангнин провинцияда
- Хайфон порту Хайфон привинцияда
- Нячанг порту Нячанг шаарда (Кханхоа провинциясы)
- Дананг порту Дананг шаарда
- Куинён порту Куинён шаарда (Биндин провинциясы)
- Вунгтау порту Вунгтау шаарда (Бариа-Вунгтау провинциясы)
- Хошимин порту Хошимин шаарда
Е-виза алуу үчүн талаптар:
– Е-виза тарапкерлер Вьетнамдын сыртында жашашы керек.
–Паспортуңыз Вьетнамга киргенден кийин 6 ай жарактуу болушу зарыл.
– Байланыш жана Е-виза алуу үчүн электрондук дарегиңиз болушу зарыл.
– Онлайн билдирмени толтуруу үчүн паспорттун көчурмөсү жана санариптик сүрөт зарыл.
Жеке укугуңузду сыйлайбыз.
Паспортунуздун көчурмөсү жана сүрөт эч кимге берилбейт.
Паспортунуздун көчурмөсү жана сүрөттү жарнама же маркентинг иш чарага колдонбойт.
Вьетнамдын E-виза кандай көрүнөт
Төмонкү Вьетнамдын E-визасынын үлгүсүнө назар салгыла.

Эмне үчүн E-визаны тандоо керек?
– Вьетнамдын Е-виза бул Вьетнам Иммиграция Департаменти тарабынан берилген расмий уруксат. Бул эң жөнөкөй электрондук ыкма аркылуу саякатчылар онлайн билдирмени толтуруп, Вьетнамга оңой киругөө мүмкүнчүлүк алышат. Е-визанын ыңгайлулугу мамлекетте киргенде ырастоо кат талап кылынбайт жана иммиграция офисинен виза алынбайт.
– Вьетнамдын Е-виза эл аралык аэропорттору, өткөрмө пунктары жана деңиз порттору аркылуу Вьетнамга кирүүгө-чыгууга укук берет. Бул виза саякатчыларга учак менен, автоунаа менен жана саякат кемелер менен кирүгөө мумкүнчүлүк берет.

You must be logged in to post a comment.